“Нарынга чейин барып иликтеп келдик. Жыйынтыгы элге жетпей калды. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматына тапшырма берели, бул боюнча видеоролик даярдасын, элге жеткирели. Шайлоо жакындап калды, эртең эл сурайт, эмне иш кылдыңар деп.Бул окуяга күнөөлүү жетекчилер жазага тартылбай, кайра кызматтан кызматка көтөрүлүүдө”,- деди Бакир уулу.