Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаардык башкармалыгы бирдиктүү салык декларациясын кабыл алууну күчөтүп жатат. Мындай билдирүүнү бүгүн, 27-февралда аталган башкармалыктын басма сөз катчысы Асылбек Абдырай уулу билдирди.
"Шаардагы бардык мамлекеттик органдарга кат аркылуу кайрылып, жер-жерлерде кезек менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Жергиликтүү телеканал аркылуу шаардын тургундарына маалымат берилген",- деди ал.
Эске салсак, юридикалык тараптардын бирдиктүү салык декларациясын берүүгө бир күн калды.