Парламенттин 27-февралдагы
жыйынында депутаттар дыйкандардан буудай сатып алуу боюнча өкмөт сөзүнө турбай
жатканын айтышты. Депутат
Талант Узакбаев:
“Былтыр 15 сомдон (ред. 1 килограмм
буудайды) сатып алууну айтып, кийин 13 сомдон сатып алдыңар. Бир бааны айтып,
ошол сөзүңөргө тургула да. Мисалы, быйыл 13 сом десеңер, ошол баада сатып
алгыла”,- деп билдирди.
Вице-премьер-министр
Тайырбек Сарпашев быйыл буудайды
сатып алуудагы баа жакын арада жарыялана турганын билдирди.