Депутаттар Кыргызстанга сырттан буйвол этинин кирип жатышын сынга алышты

Парламенттин 27-февралдагы жыйынында депутаттар өлкөгө сырттан буйвол этинин кирип жатышын сынга алышып, буга өкмөт чара көрүшү керектигин айтышты. Депутат Курмантай Абдиев: “Буйволдун эти киргизилүүдө, эмне өзүбүздө эт жокпу? Муну Айыл чарба министрлиги карашы керек, Бажы кызматы эч нерсе кыла албайт. Алар документи туура болсо баарын киргизе беришет. Анан да окорочка, жумурткалардын киришине чек койбосо болбойт. Жумуртканы 10 күндөн кийин жегенге болбойт экен. Биз качанкы жумурткаларды колдонуп жатабыз, бул бара-бара тукумсуздукка алып келет экен”,- деди депутат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан