Бүгүн, 27-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө жасаган сапарларынын жыйынтыктары талкууланды.
Министр мамлекет башчыга Индия Республикасына, Ооганстан Ислам Республикасына, Малайзияга, Вьетнам Социалисттик Республикасына, Кытай Эл Республикасына жасаган сапарынын учурундагы сүйлөшүүлөр жана жетишкен макулдашуулар тууралуу маалымат берди.
Президент Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыттарда аталган өлкөлөр менен эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү боюнча ишти улантуу тапшырмасын берди.
Алмазбек Атамбаев мындан тышкары соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну жакшыртуу зарылчылыгына өзгөчө көңүл бурду.