Асылбек Жээнбеков өлкөгө инвестиция тартуу боюнча Түштүк Кореянын премьер-министринен жардам сурады

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 26-февралда Түштүк Кореянын премьер-министри Чон Хон Вон менен жолугушту. Жээнбеков Кыргызстан 2010-жылдан бери парламенттик демократияга ыктаганын, бардык кыйынчылыктарга карабай багытынан тайбай келе жатканын айтты.

 

Төрага Кыргызстанда инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн маалымдады.

 

“Биздин өлкөдө инвесторлор үчүн жогорку деңгээлде шарттар каралган. Кандай гана инвесторлор болбосун, анын ичинде корей инвесторлоруна эшигибиз ачык. Эгерде сиз тараптан ушул багыттар боюнча колдоо болсо жакшы болот эле”, - деди төрага.

 

Премьер-министр Чон Хон Вон Кыргызстандын демократиялык жолго багыт алганын колдоп, келечекте экономикасы да, демократиясы да өнүккөн өлкөгө айланарына ишенерин билдирди. “Бул максатта ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Шайлоо системин реформалоо багытында колдон келишинче көмөктөшөбүз”, - деди ал.

 

Жолугушуу соңунда тараптар мындан ары мамилени чыңдоо үчүн бардык күчтү жумшоого макулдашышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан