Бүгүн Бишкектеги Орусия элчилигинин алдында нааразылык акциясы өттү

Бүгүн, 27-февралда Бишкектеги Орусия элчилигинин алдында нааразылык акциясы өттү. Анда жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Владимир Жириновскийдин Борбор Азия өлкөлөрү боюнча айткандарына каршы пикирин билдирди. Бирок ага милиция кызматкерлери тоскоолдук жаратышкан. Алар "мэрияга акция боюнча кайрылган эмессиң" деп колундагы плакаттарын тартып алышкан.

Эске сала кетсек, 23-февралда Владимир Жириновский Борбор Азиядагы өлкөлөрдү Орусиянын курамына кошуу туурасында пикирин айткан. Ошондой эле кыргыздардын 1916-жылдагы Улуттук боштондук үчүн күрөшүн "орус империясына карата чыккынчылык" деп атаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан