Кыргызстанда быйыл айыл чарба азыктарын экспорттоо үчүн зарыл болгон лабораториянын курулушу башталат. Муну парламенттин 27-февралдагы жыйынында айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев билдирди.
“Лабораториянын баасы 1,5 миллион доллар экен. Быйыл курулуш башталса, кийинки жылы бүтүп калат. Лаборатория курулмайынча айыл чарба продукцияларын көп өлчөмдө экспорттой албайбыз”,- деди министр.