Бишкектеги №67-мектептин окуучулары Жогорку Кеңеште болушту

Жогорку Кеңештин депутаттары Наталья Никитенко, Бахтияр Кадыров жана Марат Султанов бүгүн, 27-февралда Бишкек шаарынын №67-мектеп-гимназиясынын окуучулары менен жолугушту. Жолугушууда депутаттар парламенттик тутумдун түзүмү жана парламенттин өлкөнүн мыйзамдуулугун өркүндөтүүгө багытталган иштөө тартиби тууралуу маек куруп беришти. Окуучуларды азыркы учурда талап кылынган адистиктерди тандап, жакшы кесиптин ээси болууга чакырышты. Окуучулар болсо өздөрү кызыккан суроолорду берип, тиешелүү жоопторду алышты.

Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушуудан кийин окуучулар үчүн парламенттин имаратына экскурсия уюштурулуп, аларга өлкөнүн мыйзам чыгаруу органынын тарыхы тааныштырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан