Орусияда жол кырсыгына кабылган Кыргызстандын жараны Бишкекке алынып келип, тийиштүү жардам көрсөтүлүүдө

Орусияда жол кырсыгына кабылган Кыргызстандын жараны Бишкекке алынып келип, тийиштүү жардам көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, 2013-жылы 30-декабрда КРнын жараны Орусия Федерациясында жол кырсыгына кабылган. Кырсыктан баш сөөгүнөн жаракат алган кыргызстандык 14 сутка комада жаткан. Анын энеси министрликке кат менен кайрылып, уулун мекенине алып келүүгө жардам сураган. 
Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен Транспорт министрлигинин көмөгү аркылуу 15-февралда бейтап Бишкекке алынып келинген. Азыркы тапта Саламаттыкты сактоо министрлиги тийиштүү жардам көрсөтүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан