Бүгүн, 27-февралда Ноокат районунун администрациясы тарабынан «Эмгек рыногун изилдөөнүн жана кызматташуунун эффективдүү инструменттерин иштеп чыгуунун натыйжасы» деген аталышта тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Анда аймактагы жумушсуздуктун келип чыгуу себептери жана бул көрүнүштү жоюу боюнча маселелер талкууга алынды. Иш-чарага райондун акими, Ноокат шаарынын мэри жана башка жетекчилер катышышты.