Социалдык өнүгүү
министри
Кудайберген Базарбаев Баткен облусундагы “Үмүт” борборунун
ачылышында
“чек ара аймагында жайгашкан айылдардын социалдык инфраструктурасы
ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин талаптарына жооп бериши керек”
деди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
"Азыркы тапта
өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө көп көңүл буруп жатат. Мекемелер аралык
түзүлгөн жумушчу топ чек ара аймагындагы айылдардын социалдык суроо-талаптарын изилдеп жатат. Балдарды башка облустардагы жатак-үйлөргө жөнөткөн
учурларды жоюуну максат кылып жатабыз. Биз үчүн баланын өз үй-бүлөсүндө
өскөнү маанилүү”,- деди министр.
Ошондой эле жаңы ачылган борборго Самаркандек
айылы эле эмес, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарынан балдар келиши керектигин айтты.
ЮНИСЕФтин
жардамы менен негизделген борбор психологиялык ооруга чалдыккан балдар үчүн
ачылды.