Эгер Атамбаев өлкөдө болуп жаткан окуяларга чара көрбөсө, Кыргызстанда да Майдан болушу мүмкүн. Бул тууралуу ЖКнын депутаты Равшан Жээнбеков маалымат жыйыны учурунда билдирди.
Айтымында, Украина менен Кыргызстандын ортосунда көптөгөн окшоштуктар бар. “Алсак, 2010-жылы Украина президенттик-парламенттик өлкө болчу. Виктор Янукович келип, бийликтин баарын ээлеп алды. Кыргызстанда да бийлик Атамбаевдин колунда. Өкмөт, парламент эч нерсе кыла албайт. Янукович Орусияга ыктап келсе, Атамбаев да ал жакты колдоп келет. Бул фактылар кезектеги төңкөрүшкө алып келиши мүмкүн",- деди ал.