Кубанычбек Кулматов жана Бишкек ШИИББинин башчысы жаңы конуштардын жашоочулары менен жолугушту  

Шаар мэри Кубанычбек Кулматов, Бишкек ШИИББинин башчысы Мелис Турганбаев жана Ленин РИИБинин башчысы Ак-Ордо, Ак-Өргөө жаңы конуштарынын жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу 27-февралда Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Анда жашоочуларга аталган аймактагы криминалдык окуялар тууралуу отчёт берилди. Жаңы конуштардын жашоочуларына тиешелүү маселелер козголуп, жол чырак, канализация орнотуу тууралуу көйгөйлөр талкууланды. Мелис Турганбаев "Укук коргоо органдары кызматтык милдеттерин так аткарууга аракет кылып келишет. Коомчулуктун коопсуздугу, кылмыштардан жарандарды коргоо - биздин негизги милдетибиз” деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан