Кыргызстанда Майдандын болушуна негиз жок.
Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда вице-премьер-министр
Токон Мамытов маалымат жыйыны учурунда
билдирди.
Айтымында, 2005, 2010-жылдардагы төңкөрүштөргө
негиз бар болчу. Анда бийлик бир колго өтүп, элдин нааразычылыгы күчөгөн. Мындай
жагдай Украинада да болгон. Бул көрүнүштөн Кыргызстан өткөн.