Бүгүн Улуттук китепканада Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылат

Бүгүн Улуттук китепканада Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бүгүн, 28-февралда билдирди.

Айта кетсек, кинорежиссёр Дооронбек Садырбаев 1939-жылы Ноокен районунда жарык дүйнөгө келген. Ал эмгек жолунда 80ге жакын документалдык, 16 көркөм тасма тарткан. Ошондой эле 20га жакын китептин автору. Садырбаев өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн коомдук иштерге арнаган. 3 жолу Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ажал аны 2008-жылдын 28-майында алып кеткен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан