Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Асылбек Жээнбеков Корея
Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында 26-февраль күнү Айыл аймактарын
өнүктүрүү администрациясынын жетекчиси
Ли Ян Хо менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
А.Жээнбеков айыл чарба продукциясын өндүрүү
жаатында дүйнөлүк деңгээлде алдынкы катарга чыккан Корей Республикасы менен
ушул тармакта кызматташуу маанилүү экенин баса белгиледи.
«Кыргызстан жаңыдан
эгемендикке ээ болгон жылдары агрардык тармакта жүргүзүлгөн реформалар өлкөнүн
айыл чарба мүмкүнчүлүгүн кыйла солгундатып, ондогон миң гектар айдоо жерин
жараксыз кылды. Бул маселе мамлекетти өнүктүрүүнүн күн тартибинде курч турат.
Жакында өкмөт менен бирге аны жөнгө салуу саясатын аныктоо максатында
парламенттик угуу өткөрөбүз. Кыргызстан бул тармак боюнча алдынкы технология
менен тажрыйбага ээ Корея Республикасынын эксперттик жардамына муктаж болуп
турат»,- деди ал.
Ушул тапта КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин «World Friends Korea (WFK)» кореялык волонтёрлор
программасынын алкагында айыл чарба технологиялары жаатында үч корей
экспертинин жардамын алууга өтүнмө бериши өнүгүп бараткан кызматташуунун оң
жактарынын бири катары бааланды. Ошондон улам 2013-жылдын декабрь айында
келген эксперт консультациялык колдоо көрсөтөт.
Ошондой эле Кыргызстанда кошумча нарк салыгынан
бошотулган күнөсканалар менен алардын жабдууларын Кореядан алуу боюнча
кызатташтык алакалар жанданып жатканы белгиленди. Айыл аймактарын өнүктүрүү администрациясынын жетекчиси Ли
Ян Хо Кыргызстанга айыл чарба тармагы жаатындагы жардамдар айыл чарбасын
каржылоо маселелерин караган KOICA багыты боюнча, ошондой эле
Азык-түлүк жана айыл чарба кызматташтыгынын азиялык демилгеси (AFACI) алкагында
берилерин билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Корей
Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дүйшөнкул Чотонов
менен Азык-түлүк жана айыл чарба кызматташтыгынын азиялык демилгесинин башкы
катчысы Ли Ян Хо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация
министрлигинин 2009-жылдын 3-ноябрында Сеул шаарында кабыл алынган AFACI
меморандумуна кошулгандыгы тууралуу протоколго кол койду.
Андан сырткары төрага А.Жээнбеков башында турган
делегация Корей Республикасындагы эң ири «Намянг»
компаниясынын иши менен таанышты. Компаниянын жетекчилиги менен Кыргызстанга
ушул тармактагы жаңычыл технологияларды киргизүү, ошондой эле инвестиция тартуу
мүмкүнчүлүгү талкууланды.