Бүгүн, 28-февралда борбор калаада “Жүрөктөн жүрөккө” аттуу кайрымдуулук акциясы өтүүдө. Анда үй-жайсыздар, кароосуз калган балдар медициналык текшерүүдөн өтүп, мончого түшүп, жаңы кийимдүү боло алышат. Ошондой эле ысык тамак дагы каралган.
Иш-чара Жибек Жолу көчөсү-413 дарегинде жайгашкан "Коломто" муниципалдык имаратында орун алды. Кайрымдуулук акциясы туруктуу жашоочу жайы жок, жардамга муктаж адамдарга социалдык колдоо көрсөтүү максатында уюштурулган.