27-февралда Жогорку Кеңеште “КРнын Жер кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.
Мыйзам долбоору калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электрдик тейлөө менен камсыз кылуу зарылчылыгына байланыштуу иштелип чыккан. Бирок долбоорлоо-сметалык документтерди иштеп чыгуу жана трансформатордук пункттарды, көмөк чордондорду куруу үчүн ижара акысынын келишимин түзүү шарты менен жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү бийликке тиешелүү болгон жер тилкелерин издөөгө зарыл болот, ал электр энергиясы үчүн тарифтерде каралган эмес.
Талкууда депутаттар учурда 1 чарчы метр жер дагы баа болуп жатканда трансформаторлор үчүн канча жер тилкеси бөлүнөрүн такташты.