Кыргыз-Түрк “Манас” университети боюнча келишимди жаңыртуу демилгесин КСДП фракциясы 28-февралда колдоого алды. Ал үчүн “Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган КРнын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимин ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун ратификациялоо зарыл.
Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун (сүрөттө) айтымында, эки өлкө ортосундагы билим берүү жаатында, анын ичинде Кыргыз-Түрк “Манас" университети боюнча кызматташтык мамилелерди кеңейтүү жана аны андан ары өркүндөтүү максатында 1995-жылы түзүлгөн келишимди жаңыртуу милдети турат. 2011-жылы мындай демилге көтөрүлгөн, бирок ал парламентте колдоо таппай калган.
Талкуу жыйынтыгында фракция мүчөлөрү сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорун колдоо чечимине келишти.