Депутаттар “Алмазбек Атамбаевдин Баткенге арыктын ачылышына барып катышканы уят” дешти

“Ата Журт” фракциясынын 28-февралдагы жыйынында депутаттар өкмөт өкүлдөрүн президент Алмазбек Атамбаевди уят кылбоого чакырды. Депутат Улукбек Кочкоров өлкө башчынын Баткен облусуна арыктын ачылышына барганын мисал келтирди.

“Ошол эле учурда Тажикстандын президенти өз өлкөсүнүн чек ара аймагына келип, заманбап үлгүдөгү спорттук комплекстин ачылышына катышты. Ал спорттук комплекс 18 миллион долларга курулуп, дүйнөлүк стандарттарга жооп берет экен. Баткендиктер президентти минтип уят кылбоону өкмөттөн суранышууда”,- деди Кочкоров. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан