Бүгүн, 28-февралда өлкөдөгү медицина мекемелерине “Тез жардам” унааларын салтанаттуу тапшыруу иш-чарасы болду. Муну парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
“Тез жардам” автоунааларын сатып алуу боюнча тендердик комиссиянын мүчөсү, депутат Бактыгул Маматовдун айтымында, жарыяланган тендерге 20га жакын компания арыз берген. Ачык-айкын, калыс өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында утуп алган “АБМ-Авто” кыргыз-орус биргелешкен компаниясы тендердин негизинде түзүлгөн келишимдин шарттарын толук аткарып, айыл жергесине ылайыкташкан, бейтапка алгачкы медициналык тез жардам көрсөтүүчү жабдыктар менен жабдылган УАЗ үлгүсүндөгү “Тез жардам” унаалары менен камсыз кылды. Сатылып алынган 85 даана автоунаа республиканын медициналык мекемелерине бөлүштүрүлдү.
“Адам өмүрлөрүн сактап калууга ыкчам жардам көрсөтүүдө чоң ролду ойногон “Тез жардам” унаалары эми ымыркайлардын аман-эсен жарык дүйнөгө келишин шарттаган, жалаң жакшылыктарга кызмат кылсын. Мекендештерибиз оору-сыркоодон алыс болсун”,- дейт Маматов.