Бүгүн, 28-февралда Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы Аялдардын эл аралык күнүнө карата өткөрүлүүчү иш-чараларды жарыялады.
Маалым болгондой, 7-мартта саат 11:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда президент жана мэр катышкан салтанаттуу шаардык иш-чара өткөрүлөт.
Бишкектин ар бир районунда 8-Март күнүнө карата төмөнкүдөй иш-чаралар пландалган:
Ленин району: 4-мартта саат 11:00дө Улуттук филармониянын кичи залында иш-чара өтөт. Ага Баатыр энелер, согуш ардагерлери, 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуянын катышуучуларынын аялдары жана энелери, активист айымдар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер чакырылды.
Биринчи Май району: 6-мартта саат 14:00дө Шубин атындагы музыкалык мектепте аялдарды куттукташат.
6-мартта саат 11:00дө Свердлов районунун башкармалыгы А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында майрамдык иш-чара уюштурат. Ал эми Октябрь районунун башкармалыгы 6-мартта саат 11:00дө Улуттук консерваторияда айымдарды куттукташат.
6-мартта саат 15:00дө Тарых музейинде Бишкек мэриясынын Социалдык өнүгүү башкармалыгы бул майрамга карата иш-чара уюштурат.