Бишкекте 3-мартта Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынган күнү белгиленет. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин билдиришинче, шаардын борбордук аянтында масштабдуу иш-чара уюштурулат. Акциянын максаты – жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо, мамлекеттик символдорго сый менен мамиле кылууга чакыруу жана улуттар аралык ынтымакты бекемдөө.
“Ала-Тоо” аянтында саат 13:00дө башталчу иш-чара концерт, автоунаа жарышы менен коштолуп, ага депутаттар, өкмөт өкүлдөрү жана жаштар катышат.
Айта кетсек, Кыргызстандын мамлекеттик желеги 1992-жылдын 3-мартында КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген. Авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев.