"2013-жылы чоң жумуш аткарылды. Муну экономикадагы өсүш тактап берип жатат. План боюнча 2014-жылы ички дүң продукциянын болжолдуу өсүшү 6,9 пайызды түзөт. Өнөр жайда (13,2 пайыз), курулушта (15,5 пайыз), айыл чарбада (2 пайыз), кызмат көрсөтүүдө (5,3 пайыз) өсүш болору күтүлүүдө",- деди экономика министри Темир Сариев.
Министр мырзанын айтымында, жумуштар так аткарылбаса, өкмөт белгиленген планга чыга албай калышы мүмкүн. Айта кетсек, бүгүн, 28-февралда өкмөттүн жыйыны өтүп жатат.