3-мартта Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын отуруму өтөт

3-мартта Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында делимитация жана демаркация маселеси боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын отуруму өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Тажикстандагы басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, 2-мартта Дүйшөмбүгө КРнын Вице-премьер-министри Токон Мамытов баштаган делегациянын барышы күтүлөт. Жолугушууда эки тараптуу макулдашуулардын иш жүзүндө аткарылып жатышы талкууланат.

Белгилей кетсек, 14-февралда Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстан өкмөт өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан