Ош. Мыйзамсыз паспорт берген жарандын үстүнөн кылмыш иши козголду

Кечээ, 27-февралда Ошто мыйзамсыз паспорт берген жарандын үстүнөн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү 2009-жылы Ош шаардык №2-милиция бөлүмүндө иштеп кеткен. Ал "кызматынан пайдаланып, Араван районунда 1976-жылы туулган А.Б. аттуу жаранга мыйзамсыз паспорт берген" деп айыпталууда. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесине ылайык кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан