Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев "Автомобиль жолдору жөнүндө" мыйзамга толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду.
Толуктоолорго ылайык, анда автомобиль жолдорун милдеттүү түрдө кепилдик жактан камсыз кылуу жана эксплуатациялоонун кепилдик мөөнөтү белгиленет. Ошондой эле "кепилдик мөөнөтү жана кепилдик мөөнөттүн ичинде автомобиль жолдорун куруу иштериндеги кемчиликтерди жоюу боюнча аткаруучунун милдеттенмелери" деген түшүнүк киргизилет.
Мыйзам КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 22-январында кабыл алынган жана расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.