Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков 2013-жылы аткарылган иштерге токтолду

Бүгүн, 28-февралда өкмөттүн жыйыны өтүп жатат. Анда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков 2013-жылы аткарылган иштерге токтолду.

“2013-жылы Баткен облусундагы аткарыла турган иштерге 371 миллион сом каралган. Анын ичинен төмөнкү жумуштар толук аткарылды. Алар: 1. Чарбак айылындагы фельдшердик-акушердик пункт толук бүткөрүлүп, колдонууга берилди. 2. Таш-Тумшук айылына таза суу түтүктөрүн куруу. Объект толук бүткөрүлгөн. Бирок тажик тарап менен талаштуу 86 метр жер аныкталып, чечилсе, колдонууга берилет. 3. Бел-Сөгөт-Бөжөй унаа жолун куруу. 2013-жылы 14 чакырым унаа жолу бүттү. 4. Кыштуут, Төрт-Күл, Дарак айылдары электр чубалгылары менен камсыз болду. 5. Сары-Талаа айылына байланыш түйүнү орнотулду”,- деди өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан