Крымдагы кырдаал боюнча Украина БУУнун Коопсуздук кеңешине кайрылды

Украинанын жаңы жетекчилиги Крымдагы кырдаал боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинен жыйын өткөрүүнү талап кылууда. Жогорку Рада бул боюнча 28-февралда атайын токтом кабыл алганын чет элдик ММКлар жарыялашты. Парламент жыйынында президенттин милдетин аткаруучу Александр Турчинов (сүрөттө) БУУнун Коопсуздук кеңеши Крымдагы кырдаалга мониторинг жүргүзүп гана тим болбой, Украинанын эгемендүүлүгүнө доо кеткен учурда чара көрүшү керектигин айтты. Турчинов аталган жарым аралдагы кырдаалды талкуулоо үчүн Украинанын Коргоо жана улуттук коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чакырды.

Маалыматка таянсак, 27синен 28-февралга караган түнү Крымдагы 2 аэропортко жүздөгөн куралдуу адамдар келип түштү. Куралчандар “Бельбек” аэропортун курчоого алышып, алар өздөрүн “Крымдын өзүн-өзү коргоо отрядынын өкүлдөрүбүз” деп тааныштырышты.

Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков аэропорт орусиялык аскерлер тарабынан барымтага алынганын айтып, коңшу өлкөдө куралдуу конфликт чыгаруу аракети боюнча Орусияны айыптады.

Эскерте кетсек, 27-февралда Крым Автономдук Республикасынын парламент жыйынында автономиянын укуктарын кеңейтүү боюнча 25-майда референдум өткөрүү чечими кабыл алынды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан