КРнын Бюджет кодексинин долбоору боюнча парламенттик угуу өтүп жатат

Жогорку Кеңеште бүгүн, 28-февралда КРнын Бюджет кодексинин долбоорун талкуулоо үчүн парламенттик угуу өтүп жатат. Депутат Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, долбоор коомчулук менен адистердин пикирин угуу, алардын сунуштарын эске алуу үчүн талкууланууда.

Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Бюджет кодексинин долбоору Кыргызстан үчүн эң маанилүү документтердин бири экенин айтты. “Бюджеттик кодексти кабыл алуу менен жалпы каржы тартиби жөнгө салынат, ал аркылуу бюджет тутуму уюштурулат, бюджеттик мекемелердин, бюджеттер аралык мамилелердин укуктук негиздери аныкталат. Кодекс долбоорун иштеп чыгуу жүрүмүнө бир катар эл аралык эксперттер да тартылды”,- дейт ал.

Депутаттар бюджеттик каржы мамилелерин жөнгө салган мыйзамдар буга чейин чачкын болуп келгендигинен улам аларды иретке салып, бирдиктүү Бюджет кодексине топтоштуруу зарылдыгы келип чыкканын айтышты.

Айта кетсек, Бюджет кодекси өкмөт жана Жогорку Кеңештин депутаттарынан түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан