Кыргызстанда 8-марттан баштап SIM-карталар паспорт аркылуу гана сатылат. Муну бүгүн, 28-февралда Мамлекеттик байланыш агенттиги билдирди. Башкача айтканда, мындан ары жарандар уюлдук компаниялардын абоненти болуш үчүн документ көрсөтүп жана келишим түзүшү керек болот. Бул тууралуу өкмөттүн атайын токтому чыкканы белгилүү болду. Макулдашууда уюлдук оператордун да, абоненттин да укук, милдеттери көрсөтүлөт. Мисалы, уюлдук телефонуна акча которууда адашып башка номурга бирдик жүктөп алган абонент 24 сааттын ичинде төлөмдү өзүнүн номуруна которуп алса болот. Келишим 2 нускада чектөөсүз мөөнөткө түзүлөт.