Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу 28-февралда президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.
Ошондой эле өлкөнүн экономикасында соода жана тейлөө чөйрөсүнүн маанилүү экендигине байланыштуу жогорудагы кеңештин курамына Пономарёв Сергей Васильевич - Кыргызстандын рынокторунун, соода жана тейлөө чөйрөсүнүн ишканаларынын ассоциациясынын президенти кирди.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.