“Ата Мекен” фракциясынын 28-февралдагы жыйынында өлкөнүн айыл чарба өндүрүүчүлөрүн лизингдик техникалар менен камсыз кылуу боюнча маселе каралды.
Фракция лидери Өмүрбек Текебаев айыл чарба багытындагы жеңилдетилген насыялардын бөлүштүрүлүшүндө нааразычылыктар бар экенин айтты. Насыяларды чынында эле дыйкандар алганын тактоо үчүн банктардан маалымат сурасаң, насыя алгандардын тизмеси банктык купуя сыр катары берилбестигин билдирди эл өкүлү. Текебаев мындай ченем мыйзамда каралганы менен, логикага туура келбейт деген ойдо. “Өкмөт тарабынан берилип жаткан насыялардын шайлоочуларга жетип-жетпей жатканы боюнча маалымат ала албагандан кийин мындай купуя сырдын кимге кереги бар?”- деди депутат.