Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы Баткен облусунун башчысына кошумча статус берүүнү сунуштады. Маалыматты бүгүн, 28-февралда фракция жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев билдирди. Фракциянын Баткен облусундагы көчмө жыйынында жергиликтүү тургундар облус башчысына маселелерди чечүүгө катышуусу үчүн кошумча макам берүү талабын коюшканын айтты.
Фракция депутаттары шайлоочулардын олуттуу сунушун жана учурдагы Баткен облусундагы абалды эске алуу менен фракция тарабынан өкмөт түзүмү жөнүндө мыйзамга өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү – Баткен облусунун иштери боюнча министри кылып түзөтүү киргизүүнү сунуштайт. Мындай түзөтүү менен Баткен облусунун жетекчиси башка облус өкүлдөрүнөн айырмаланып, өкмөттүн саламаттыкты сактоо, эмгек мамилелери, каржылоо, айыл чарбасы сындуу маселелерге байланышкан жыйындарына катышып, Баткен аймагынын көйгөйлөрүн коюп, добуш берүү укугуна ээ болот. Анын иштей турган кеңсеси жана башка артыкча шарттары болбойт.