Жантөрө Сатыбалдиев: "Мага бир аксакал “Жантөрө, тозокко күйөсүңөр” деди"

Бүгүн, 28-февралдагы өкмөт жыйынында Жантөрө Сатыбалдиев билим берүү жана илим министрин коррупциялык иштер боюнча сынга алды. “Билим берүү тармагындагы коррупциялык иштерди айта берип тил тешилди. Уялыш керек да. Бир аксакалдын мага айткан сөзүн эскертип коёюн. Ал “Жантөрө, билим берүү тармагындагы коррупцияга чара көрбөсөңөр, тозокко күйөсүңөр” деди. Билим – түгөнгүс инвестиция, бирок жаштар жакшы билим албай жатышат”,- дейт өкмөт башчы.

Сатыбалдиев коррупция боюнча милиция кызматкерлеринин бирин мисал кылды.

“Мисалы, бир полковниктин лакап аты Комбайн экен. Көрсө, 5-6 кабат үйү бар экен. Мындай үй курууга акчаны каяктан тапты?”- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан