Жалал-Абад шаарында “Автобус” аталышында рейд өткөрүлдү

   Жалал-Абад шаарында “Автобус” аталышында рейд өткөрүлдү. Анда 210 кичи автобус текшерүүдөн өттү. Анын ичинен 38инин техникалык абалы начар, 8инин тиешелүү документтери жок экендиги аныкталган. Ошондой эле жүргүнчү ташуучу ишканалардын жетекчилерине административдик протоколдор түзүлүп, жалпы 12 миң сомдук айып салынды. Ал эми айдоочуларга келтирилген кемчиликтерди жоюуга тапшырмалар берилди.

Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу, коомдук тартипти сактоо максатында уюштурулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан