Федералдык Кеңеш Владимир Путиндин Украинанын аймагына куралдуу күчтөрдү киргизүү сунушун колдоду. Чечим бир добуштан кабыл алынып, ал күчүнө кирди. Муну “Орусия 24” каналы түз алып көрсөттү.
1-мартта Крымдын премьер-министри Сергей Аксенов Орусия башчысынан коомдук тартипти сактоо үчүн жардам сурап кайрылган. Мындан улам Путин Украинанын аймагында Орусиянын куралдуу күчтөрүн колдонуу үчүн Федералдык Кеңештен уруксат сураган. Кайрылууда Украинада орун алган ситуацияларга байланыштуу тиешелүү чараларды көрүү жана Орусия жарандарынын, аскер кызматкерлеринин коопсуздугун сактоо керек экендиги айтылган. Куралдуу күчтөр Украинада коомдук-саясий абал турукташкыча болушат.
Муну жаңы келген Украина өкмөтү “бул кадам мамлекеттик чек араны бузбоо келишимин одоно бузат” дешүүдө.