Бүгүн, 3-мартта Аламүдүн айылында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Аламүдүн айылынын Молодёжная, Гоголь, Суворов көчөлөрүндө жарык жок болот. Буга ГЭС-3төн тараган электр зымдарын оңдоо иштери себеп болууда.