Украинанын Башкы прокуратурасы президент Виктор Януковичке дагы бир кылмыш ишин козгоду. ММКлар жарыялагандай, кылмыш иши “өлкөдө конституциялык түзүлүштү уратууга чакырык” беренеси менен козголду.
Украинанын башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Олег Махницкий кылмыш ишин козгоого Януковичтин 28-февралда Ростов-на-Донуда берген маалымат жыйыны негиз болгонун айтты.
Маалымат жыйында Янукович президенттиктен кетирген Жогорку Раданын чечимин тааныбай турганын жана өзүн мыйзамдуу түрдө өлкө башчысы экенин билдирген эле. Ошондой эле коопсуздугуна кепилдик берилмейинче Украинага кайтып барбай турганын жарыялаган.
Эскерте кетсек, буга чейин Януковичке “массалык түрдө адам өлүмүнө катыштыгы бар” делинип кылмыш иши козголгон болчу. Президент менен кошо бир нече экс-аткаминерлер айыпталууда. Виктор Янукович учурда Орусияда, Украинанын жаңы бийлиги аны экстрадициялоону талап кылууда.