1-марттан тарта “Кургак учукту чогуу жеңебиз!” аттуу акция башталды

1-марттан тарта кургак учук менен күрөшүүгө арналган айлык кампания башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, айлыктын жүрүшүндө кургак учукка каршы күрөшүү боюнча тегерек столдор, маалымат жыйындар жана аталган оору менен мектеп окуучуларды тааныштыруу максатында бир нече иш-чаралар өткөрүлөт.

“Кыргызстанда жыл сайын 6 миңге жакын адам кургак учукка кабылат. Алардын ичинен миңге жакыны жаш балдар жана өспүрүмдөр”,- деп кабарлады мекеменин басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, 24-Март – Кургак учукка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан