Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Мамлекеттик желек күнү менен куттуктады

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды 3-Март - Мамлекеттик желек күнү менен куттуктады. 

Куттуктоонун тексти:

"Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди биздин көз карандысыздыгыбыздын жана мамлекеттүүлүгүбүздүн белгиси болгон - Мамлекеттик желек күнү менен куттуктайм. Миң жылдык тарыхыбыз кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө мүмкүнчүлүк берди. 1992-жылы 3-мартта Кыргызстандын желеги көтөрүлдү. Ушул желек менен өлкө көп кыйынчылыктарды баштан кечирди. Бирок ага карабастан, кыргызстандыктардын эрки менен бүгүнкү күндө биз мамлекетибизди түптөп келебиз. Биз мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдешибиз керек. Балдарыбыз, неберелерибиз сыймыктанган жаңы Кыргызстанды курушубуз керек.

Урматтуу мекендештер!

Көз карандысыз Кыргызстандын желеги биримдигибиздин жана эркиндикке болгон кадамдарыбыздын белгиси болсун.

Сиздерге бекем ден соолук, бакыт жана ийгиликтерди, ал эми Кыргызстаныбызга өнүгүү жана бейпилдик каалайм!”

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан