Казакстандын түштүгүндө болгон жол кырсыгынан 8 кыргызстандык жаран каза тапты. Бул тууралуу Казакстандын маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, кечээ, 2-мартта Жамбыл облусунда жүргүнчүлөрдү ташуучу автобус менен кичи автобус кагышкан. Анын кесепетинен 8 кыргызстандык жаран жана кичи автобустун айдоочу каза болгон. Азырынча каза болгондордун аты-жөнү тактала элек.