Украинанын Конституциясы боюнча Виктор Янукович өлкөнүн легитимдүү президенти. Эгер өлкө алдында күнөөсү болсо, мыйзам боюнча, ага импичмент жарыялоо аракети жасалышы керек. Муну Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев билдиргенин ММКлар жарыялашты.
“Януковичтин кадыр-баркы дээрлик жоголду, бирок бул анын Украинанын Конституциясы боюнча өлкө президенти экенин жокко чыгара албайт. Эгер күнөөлүү болсо, мыйзам боюнча импичмент жарыялап, соттогула”,- дейт Медведев.
Орусияга экономикалык жактан күчтүү жана туруктуу Украина керектигин айтат Медведев.
Эскерте кетсек, 22-февралда Украинада бийлик алмашкан. Муну Янукович “төңкөрүш” деп атап, оппозиция 21-февралда кол коюлган макулдашууну аткарбай койгонун билдирген. 28-февралдагы маалымат жыйында “мен дагы деле өлкөнүн мыйзамдуу түрдөгү президентимин” деди.