Жогорку Рада 2-мартта Орусия президенти Владимир Путинге кайрылуу жасады. Анда депутаттар Украина аймагына аскер күчтөрүн киргизбөө керектигин айтышты. Парламент ошондой эле өлкөгө караштуу аймактан Черноморский флотунун аскерлерин алып кетүүгө чакырат. Маалыматка таянсак, Жогорку Рада өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн “Ата Мекенди коргоого даяр туруусун” колдоого аларын билдирди.