Бишкекте 7-март күнү Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 8-Март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш-чаралар өтөт. Ага шаар башчысы, шаардык кеңештин депутаттары катыша турганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Майрамдык кечелерге Баатыр энелер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, коомдук ишмерлер, жалпы 315 айым катышмакчы. Майрамдык салтанат саат 11:00дө башталат. Айымдарды куттуктоо жөрөлгөсү борбор шаардагы 4 райондо да уюштурулат.