ОшМУ Түштүк Кореянын Ханнам университети менен кызматташат

Ош мамлекеттик университети менен Түштүк Кореянын Ханнам университети окутуучулар жана студенттер ортосунда билим берүү, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү багытында биргелешип кызматташат. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди. 

Ошондой эле эки окуу жайдын илим изилдөөчү эксперттери сууну тазалоонун технологиясы боюнча изилдөө иштерин жүргүзүшөт. 

ОшМУнун ректору К.Исаков Түштүк Кореянын Ханнам университетинин профессору Гоин Таэ Ким баштаган делегация менен жолугушту. Жолугушууда окуу жайлар ортосундагы кызматташуу келишимине кол коюлду жана мындан аркы аткарылуучу биргелешкен илимий долбоорлор талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан