Бишкектин Байтик баатыр (мурунку Совет) - Сүйөркулов (мурунку Донецк) көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан унаага май куюучу жай жана көп кабаттуу үй боюнча материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында белгилүү болду. Иликтөөнүн жыйынтыгы 1-майга чейин берилиши керектигин депутат Сайдулла Нышанов белгиледи.