Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) эртең, 4-март күнү Мамлекеттик тарых музейинде Кыргызстан мусулмандарынын кезексиз V Курултайын өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта SUPER.KG порталына муфтияттын басма сөз кызматчысы Асан Саипов билдирди.
Анын айтымында, аталган курултайда Кыргызстандын муфтийи шайланат жана КМДБнын жобосунун жаңыланган редакциясы бекитилет.
Белгилүү болгондой, Максатбек Токтомушев муфтийликке жалгыз талапкер болуп чыкты.
Мындан тышкары 2014-жылдын 28-февралында КМДБнын жобосун кайрадан иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн комиссия жобонун жаңыланган редакциясын талкуулаган жыйын өткөргөн. Жаңы жобого ылайык, Уламалар кеңешиндеги мүчөлөрдүн саны 14 адамга кыскартылып, эми 21 адамдан турат. Уламалар кеңешинин төрагасы 1 жылга шайланат. Кеңештин отурумуна муфтий, орун басарлары жана казылар катыша алат, бирок шайлоо укугуна ээ эмес. Муфтий Уламалар кеңешинин төрагасы боло албайт. Ошондой эле Уламалар кеңеши жылына 2 ирет чогулуп келген болсо, эми жыл бою туруктуу иш алып барышат. Жаңы жобого ылайык, муфтий 3 жылга шайланат.