Жусупжан Жээнбеков өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп дайындалды. Маалыматты обладминистрациядан билдиришти. Айта кетсек, мурунку облус башчысы Жусубали Торомаматов башка ишке которулганына байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан кеткени айтылды.
Жусупжан Жээнбеков:
1956-жылы 23-мартта Жалал-Абад шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1996-жылы Ош технологиялык университетин аяктаган.
2005-2006-жылдары (Бакиевдин бийлиги тушунда) Жалал-Абад облусунун губернатору.
2007-жылы КСДПнын тизмеси боюнча Жогорку Кеңешке депутат болгон.
2011-2012-жылдары Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеген.
2012-жылдын 17-январында аталган дирекциянын башчысы болуп дайындалган.
Айта кетсек, аталган дирекция мамлекетке ири каржылык зыян алып келгени айтылууда. Маалыматты Жогорку Кеңеште бардык фракциянын мүчөлөрү кирген депутаттык комиссия да тастыктады. Бирок Жээнбеков бул айыптоого макул эмес.